Таласта Үрмарал дарыясындагы жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Эл аралык маанидеги Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында орун алган (Үрмарал дарыясы) жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Анын ачылыш иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (аралыктан), Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, жергиликтүү жетекчилер жана жай тургундар катышты.

Ошондой эле, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года жана Япон эл аралык кызматташтык агентттигинин (JICA) өлкөдөгү өкүлүнүнүн биринчи орун басары Нишияма Кентаро кадырлуу коноктордун катарын толуктады. Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу «Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген.

Жаңы курулган көпүрө Талас облусунун жашоочулары үчүн маанилүү транспорттук байланыштарды жакшыртып, аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү менен экономикалык өсүшкө чоң салым кошору күтүлүүдө.

Related posts

КР УКМК «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фондунун «Нур+» реабилитациялык борборундагы балдарды жаңы-жылы менен куттуктады

admin

«Куту» кармалды. Ал 1,5 миллион сом алып, из жашырып кетүүгө шектелүүдө

admin

Тоолуу райондордо кар жаайт. 24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий