Азиада: Тыныбекова алгачкы атаандашын 14 секундда жеңди

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында алгачкы атаандашын жеңди.

Тыныбекова эркин күрөш боюнча 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда. Ал 1/8 финалда Таиланддын балбаны менен күч сынашып, аны 14 секундда туше менен жеңди.

Эми ¼ финалда Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен күрөшөт.

Япониялык спортчу жакында эле өткөн дүйнө биринчилигинде 65 кг салмакка чейинки категорияда алтын медаль уткан. Айсулуу да 62 кг салмакка чейинки категорияда дүйнө чемпиону аталган.

Related posts

КР УКМК жетекчилиги менен байланышка жамынып, 1 млн АКШ долларын опузалаган КР жараны кармалды

admin

Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

admin

Кыргызстанда үшүк жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий