Чүйдө 25 жаштагы кызды уурдап бара жаткандар кармалды

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кызды уурдап качкан жарандарды кармашты.

Бүгүн, 9-январда болжол менен саат 14:50 чамасында Ак Босого конушундагы үйлөрдүн биринен 1998-жылы туулган кызды белгисиз жарандар күчкө салып, Хонда Стэпвэгон үлгүсүндөгү унаага отургузуп, белгисиз тарапка качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Кылмыш изи сууй электе Хонда-Степвагон унаанын 1978-жылы туулган айдоочусу жана жанындагы 1992-жылы туулган жүргүнчүсү Жайыл районун Сосновка айылынан кармалган.

Related posts

Бишкекте “Азаттыктын” жабылышын талап кылган митинг өтүүдө

admin

Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды

admin

78 жаштагы Евгений Петросян үчүнчү жолу ата болду

admin

Комментарий