Депутаттар аймактардагы айрым көйгөйлөргө токтолушту 

Бүгүн, 8-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургундарынан келген кайрылуу тууралуу сөз кылып, 20 миңден ашуун калк жашаган аталган айылга төрөт үйүн куруу керектигин кошумчалады.

Ушул эле райондун Кызыл-Кыштак айылы таза сууга муктаж экенин айткан депутат Жалолидин Нурбаев жергиликтүү элдин бул көйгөйүн чечүү учур талабы экенине токтолду. Муну менен катар Араван районуна жаңы мектептерди салуу зарылчылыгына токтолду.

Ал эми депутат Надира Нарматова эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн көтөрүп, кийинки жуманын шаршемби күнү Россиядагы элчини чакырып, атайын талкуу өткөрүү керектигин билдирди.

Related posts

Ысык-Атада жеңил унаа поезддин алдына кирип кеткен. 3 адам жаракат алды

admin

УКМК: Панфилов атындагы сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилке мамлекетке кайтарылды

admin

Ноокенде наристе кызды сабап, видеого тарткан ата кармалды

admin

Комментарий