“Кумтөр” былтыр 17 тонна 284 кг алтын сатты

Финансы министрлиги 2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 кг алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 кг сатылганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, “Кумтөр” ишканасынан былтыр 27 млрд 959,4 млн сом салык түшүп, 2021-жылга салыштырмалуу 267,3% көп каражат жыйыналган.

26-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет талкууланган. Жыйында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Кумтөр кенинен өткөн жылы 15,9 тонна алтын өндүрүлгөнүн айткан.

Депутат Дастанбек Жумабеков өкмөт башчы Акылбек Жапаров 2022-жылы Кумтөрдөн 18 тонна алтын казыларын айтканын, “эмне себептен 2 тонна аз болуп калды?” деген суроо берген. Финансы министрлиги кайра тактоо киригизип, былтыр Кумтөрдөн 17 тонна 305 кг алтын алынганын кабарлады.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери алтын казылууда.

Related posts

Казан жана Санкт -Петербург шаарларына Кыргызстандын консулдугу ачылат

admin

Ленин району боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгына айрым талапкерлер нааразы болушту

admin

Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагимдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү

admin

Комментарий