Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлдү

Кыргызстанда тиричилик эмес абоненттер үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулады. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, тиричиликтик эмес абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи 1 кВт/саат үчүн 376,7 тыйындан (салыктарды кошпогондо) жүргүзүлөт. Буга чейин тариф 1 киловатт-саат үчүн 287 тыйынды түзчү.

Чечим тартыштык шарттарында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле тийиштүү ишканалардын чыгымдарынын ордун толтуруу максатында кабыл алынганы белгиленди.

2023-жылы Кыргызстанда 1,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын керектеген 89 миң 767 тиричилик эмес абонент болгон. Жаңы тарифтер киргизилсе энергокомпаниялардын кошумча кирешеси 900 миллион сомго жетет деп күтүлүүдө.

Юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ошондой эле жеке жактар — турак эмес жайлардын жана батирлердин ээлери тиричиликтик эмес абоненттер болуп саналат.

Related posts

Биринчи Элдик курултай 5-ноябрда өтөт

admin

Президент «Жалал-Абад» май иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

admin

УКМК: КР Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды

admin

Комментарий