Ошто видеосу интернетке тараган айдоочу кандай жаза алды?

Ош шаарында унаасына жасалма номур тагып алган айдоочуга 20 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармакка Ош шаарындагы рейд учурунда унаасына жасалма номур тагып алган айдоочу боюнча видео жарыяланган. Видеодон айдоочу документтерин көрсөтпөй, видеого тартууга каршы болуп, сөгүнгөн сөздөрдү айтканын көрүүгө болот.

Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, аталган айдоочу экинчи ирет токтотулган.

«Ош шаарынын тургуну — 1997-жылы туулган Д.Д.У. буга чейин дагы кызматкерлер тарабынан токтотулган. Жасалма мамлекеттик номур жана унаасынын терезесин караңгылатып алгандыгы үчүн 40 миң сом айып пул салынган. Окуя ушул жылдын август айында болгон. Ал эми социалдык тармактарда тараган видеодогу окуя сентябрь айында болгон. Унаасынын номуру жасалма болгон үчүн 20 миң сом айып пул салынган», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында акыркы бир жума ичинде 1479 айдоочу жол эрежесин бузган.

Алардын ичинен:

— мас абалда унаа башкарган 25 айдоочу;

— унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алган 6 айдоочу;

— документи жок унаа башкарган 44 айдоочу;

— айып пул төлөбөй жүргөн 54 айдоочу аныкталды.

Ошондой эле 188 унаа айып короого киргизилди.

Related posts

Садыр Жапаров: «Биз элден эч нерсе жашырбайбыз»

admin

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрлери жолукту

admin

Кадамжай-Тамаша жолу селден улам жабылганы кабарланууда. Видео

admin

Комментарий