Ташиевден үй алган жалгыз бой эне: «Бүгүн көчүп барабыз»

Кечээ, 27-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Айжан Бакаловага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жалгыз бой энеге байланышты. «Кыялданып, ниет кылып жатканбыз. Кудай буйруса, ойлогон оюбузга жеттик. Жаңы үйдү кечээ жыйнадык, бүгүн көчүп барабыз. Көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында жайгашкан. Эми сөз жок. Оңдоо иштери жасалып, эмеректерин да коюп беришти, сонун батир», — деди ал.

Ушул жылдын февраль айында СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Айжан Бакалованын тагдыры тууралуу маалымат жарыяланган. «Айына 6 миң сом төлөп, 9-кабатта турабыз. 9 бала менен лифт жок үйдөн чыкканды элестетип көрсөңөр. Шарт да жок. Өкмөт үй алууга жардам берсе дейм» деген ал.

Related posts

Президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады

admin

Жалал-Абадда мектептин 2-кабатынан секирген окуучу кыз. Мугалим үн катты

admin

УКМК тарабынан кармалган жеке ишкер Олег Подобедов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

Комментарий