Вэнс: Киев жеңишке жете албайт, өзөктүк курал колдонулуп кетиши мүмкүн

Жакынкы жылдарда аскердик аракеттер улана турган болсо Киев утуп чыкпайт. Бирок өзөктүк курал колдонулуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс билдиргенин РИА Новости жазды.

“Азыркы көрүнүш улана бере турган болсо украиндер согушту жеңе албайт. Менимче, айрым маалымат каражаттарында согуш бир нече жыл улана турган болсо орустар туруштук бере албай, украиндер өз аймагын кайтарып алат, баары согушка чейинки абалга келет деген кызыктай пикирлер жаралууда. Бирок бул биз жашап жаткан реалдуулукка такыр дал келбейт”, — деди Вэнс.

Анын пикиринде, эгерде согуштук аракеттер токтобосо, өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн.

Шаршембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленскийди катуу сынга алып, анын Крым боюнча билдирүүлөрү Россия менен сүйлөшүүлөргө доо кетирип жатканын белгиледи.

Америкалык лидердин айтымында, Украинадагы абал оор, Зеленский тынчтык орнотуусу керек, болбосо үч жылдан кийин бүтүндөй өлкөнү жоготот.

Related posts

Япондуктар Кыргызстанда ГЭС курушат

admin

Президент билим берүү, теле жана радио тармагынын кызматкерлерин сыйлады  

admin

Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, каза болду

admin

Комментарий