Wall Street Journal: АКШнын бажы алымдары Кытай үчүн белек болду

АКШнын бажы алымдары Кытай үчүн белектей эле болду, анткени бул кадам Америкага болгон глобалдык ишенимди солгундатып койду. Бул тууралуу Wall Street Journal гезити жазды.

Bloomberg агенттиги белгилегендей, Кытайдан импорттолгон товарларга Дональд Трамп киргизген бажы төлөмдөрү АКШда товар тартыштыгын жаратышы мүмкүн. Себеби сатуучулар жылдын экинчи жарымындагы окуу жылына жана Рождество майрамына товар даярдашат.

«Бажы төлөмдөрүнөн улам дүйнөдө АКШга болгон ишеним солгундап, ал глобалдык экономикалык лидерлигинен болбогон жерден кол жууп жатат. Бул мүмкүнчүлүктү колдонгон Кытай АКШнын ири, ишенимдүү рынок катары эсептелген союздаштарын өзүнө тартууда. Трамптын союздаштарына киргизген бажы төлөмдөрү Си Цзиньпин үчүн чыныгы белек болуп калды», — деп жазат гезит.

Басылманын пикиринде, «тарифтик тиреш» Трамптын экинчи мөөнөткө барышына олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Шайлоочулар Трампка экономикадагы мурдагы көрсөткүчтөрдөн улам добуш беришкен.

«Эгерде Трамп эскертүүлөргө көңүл бурбаса жеңилүүгө учурашы мүмкүн», — деп жыйынтыктаган гезит.

Related posts

Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган шектүүлөр кармалды

admin

Быйыл былтыркыга караганда мал ылаңы аз катталды

admin

Чүйдө жүк ташуучу унаалар кагышып, эки адам кыпчылып калды

admin

Комментарий