Чоң-Алайда жол кырсыктан 2 окуучу каза болду

16-декабрда Чоң-Алайда жол кырсыктан 2 окуучу каза болду. Маалыматты Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Сары-Таш — Карамык унаа жолунун 127-чакырымында катталган. 2008-жылы туулган өспүрүм унаанын рулун башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Кесепетинен рулдагы жана унаадагы 2 окуучу каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилген. Унаадагылардын үчөө тең 2008-жылы туулган 10-класстын окуучулары болгон.

Жол тескөөчүлөр ата-энелерге кайрылып, айдоочулук күбөлүгү жокторго, жашы жете электерге унааны башкарууга бербөөгө чакырды.

Related posts

Газпром Кыргызстан”: Бишкек жана Чүйдө калкка газ берүү токтотулбайт

admin

Стамбулдагы жардырууну жасоого шектелген жаран кармалды 

admin

Кар жаайт. 22-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Комментарий